62 жаштагы ноокаттык информатика мугалими Python курсун баарынан эрте аяктады

Бизнес 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. 62 жаштагы ноокаттык информатика мугалими “Яндекс” программалоо мектебинин мугалимдерге арналган Python программалоо окутуу курсун башка катышуучулардан тезирээк ийгиликтүү аяктады.

Исмаил Кошмурзаев 1993-жылдан бери информатика мугалими болуп иштейт. Ал сабак берген Мурза Гапаров атындагы интернат-гимназиясында программалоо боюнча окутуу шарттары анча эмес – мектептеги жабдуулар жакшыртууга муктаж. Бирок Исмаил Кошмурзаев Python тилин колдонуу менен окуучуларды программалоонун негиздерине окутууну улантууда.

"Ооба, компьютерлер эски, бирок алар менен окуп үйрөнүүгө болот. Акыркы жылы балдарды Python тилине окутуп жатам. Жакында окуучулар ушул программалоо тилинде кызыктуу долбоорлорду түзө алат деп үмүттөнөм", - деп ой бөлүштү ноокаттык информатика мугалими.

Кошмурзаев “Яндекс” программалоо мектебинин Python программалоо окутуу курсуна кабыл алуу жөнүндө маалыматты Telegram-каналдардын биринен көргөнүн айтат.

"Мен күнүнө 4-5 саат окудум жана Python тилинин негиздерин жакшы өздөштүрдүм, анткени былтыр ушул программалоо тили боюнча бир нече курстан окугам. “Яндекс” программалоо мектеби Python боюнча билимди бекемдөөгө жардам берди. Быйыл кабыл алуу 31-майга чейин болду. Бактыга жараша, курстар акысыз", -деп белгиледи Исмаил Кошмурзаев.

Пикир

Оставить комментарий