• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

7 айда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү $3,6 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана инвестицияларды чет өлкөлөрдө берүү боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа баштаган делегациясы менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн рекорддук өсүшүн ырасташты. 2024-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү өсүүнү улантып, 3 млрд 613,1 млн доллар түздү жана 2023-жылга салыштырмалуу 33,3% дан ашык өстү.

Туризм жагында ошондой эле Кыргызстан ландшафттардын жана климаттык шарттардын ар түрдүүлүгүнөн улам бардык сезондук туризм үчүн потенциалга ээ экендиги маалымдалды, бул аны кышкы жана жайкы эс алуунун түрлөрү үчүн жагымдуу багыт кылат.

Ошондой эе бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоо лыжа кластерин, спорттук комплекстерди, болжол менен 32 реабилитациялык-ден соолукту чыңдоочу курортторду, чакан аэропортторду жана 2 млрд доллардан ашык суммадагы глемпингдерди түзүүдө келечектүү долбоорлор иштелип чыккандыгы айтылып, Кыргызстандагы туризм тармагындагы эң дымактуу долбоорлордун бири – "Үч Чоку" туристтик кластери экендиги белгиенди.

Департаменттин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитеттин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын ишин активдештирүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий