7-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас обулусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын облусунда +19...+24, Талас облусунда +26…+31 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градуска жетишүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий