Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкектин 7-кичи районунда №48/2 үйдөн №49/6 үйгө чейин асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин эски асфальтты сыйруу жана демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, ирригация системасы орнотулган.
Эскерте кетсек, жолду асфальттоо иштери 2024-жылга карата шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий