• 87
  • 90.41
  • 0.84

7-майда уран казууга тыюу салууга байланышкан мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Бишкекте 7-май күнү "Кыргыз Республикасында геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу болот.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары: Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.

Эске салсак, 2-майда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий