• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

7-майга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайынын божомолу

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет 7-майга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, эртең, 3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-майда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-майда күндүз жана 6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз жана 6-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-май күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы;

3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз жана 4-майда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда күндүз жана 6-майда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

6-майда күндүз жана 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы;

3-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда күндүз жана 6-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 6-майда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

7-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз жана 6-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-май күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы;

3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-майда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-майда жана 5-6-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-май күндөрү Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы;

3-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-майда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 5-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 5-6-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий