7-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрден жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Талас облусунда +6...+11, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын облусунда 0...-5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз +9...+14 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте күндүз жамгыр жаайт, абанын табы +8...+10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий