• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

7-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында 7-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Талас облусунда +15...+20, Ысык-Көл облусунда +14...+19, Нарын облусунда +13...+18 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +21...+23 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий