• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

8-12-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. 8-10-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.

11-12-декабрларда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий