• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

8 вагон рельстен чыгып кеткен аймакта калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» ишканасы Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу машиналар жана кран тартылып, темир жолу тазаланды. Азыркы убакта 30 жүк ташуучу вагондор өткөрүлдү. Калыбына келтирүү иштери уланмакчы. Кырсык болгон жерде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын тийиштүү кызматтары өз жумуштарын аткарып жатышат.

Эске салсак: Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий