• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

9 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $10,6 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 10,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 8,1 пайызга көбөйгөн.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 3,2 млрд долларын түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,9 пайыз) туура келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий