• 87
  • 91.29
  • 0.84

9 айда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан түшкөн киреше 30 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2024-жылдын 9 айында 30 млрд 566,7 млн сом чогултту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын басымдуу бөлүгүн акционердик коомдордон түшкөн дивиденддер жана менчиктештирүү түзгөн.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан болгону 2 млрд 807,4 млн сом түшкөн.

2024-жылдын 9 айында түшкөн киреше 2023-жылга салыштырмалуу 6 млрд 700 млн сомго көп. 2020-жылга салыштырмалуу каражаттын түшүүсү дээрлик 28 млрд сомго көп.

Ошентип, 2024-жылдын 9 айынын бекитилген планы 183,5%га аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий