• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

9 күн калды. Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо.

Спортчулардын тизмеси:

  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг, грек-рим күрөшү);
  • Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);
  • Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү);
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);
  • Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);
  • Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);
  • Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);
  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг, кыз-келиндер күрөшү);
  • Айпери Медет кызы (76 кг, кыз-келиндер күрөшү)
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг, кыз-келиндер күрөшү);
  • Денис Петрашов (сууда сүзүү);
  • Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
  • Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);
  • Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);
  • Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);
  • Елизавета Печерских (сууда сүзүү).
  • Елизавета Печерских (сууда сүзүү).

Пикир

Оставить комментарий