• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

9-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Эртең, 9-майда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32, Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте эртең жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий