Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындаа +9…+14, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында +5…+10 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +9…+11 градус болушу күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий