Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Москва районунда баасы 88,2 млн сомду түзгөн 12 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагында бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, каттоодон жашырылып, муниципалдык менчикке алынбай келген жана алардан бюджетке салык, ижара же кандайдыр бир инвестициялык төлөмдөрдөр түшпөй келген 12 га айыл чарба багытындагы жер аянттары аныкталды.
Аталган 12 га жерлер 88 млн 215 миң сомго бааланып, прокурордук чара көрүү актысынын негизинде муниципалдык менчикке алынды.
Пикир
Оставить комментарий