• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

А.Атамбаев жаратылыш кырсыктарын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-майда өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Ош облусунун жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен Чоӊ-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарындагы адамдарга жардам берүү ишинин жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жоюу жана жапа чеккен Чоӊ-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарындагы адамдарга жардам берүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралу айтып берди. Өкмөт башчынын айтымында, жер титирөөдөн жапа чеккен үйлөрдүн ээлери коопсуз жерлерге көчүрүлүп, убактылуу турак-жай менен камсыздалды. Кырсыктан жапа чеккен социалдык объектилерди калыбына келтирүү чаралары көрүлүп, келтирилген зыяндар эсептелүүдө, адамдарга үйлөрүн калыбына келтирүү жагынан жардамдар берилип жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөт адамдарга жардам берүүнү күчөтүп, калыбына келтирүү иштерин өз маалында бүткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы айрыкча белгилегендей, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу учурунда компетенттик органдардын ишиндеги бир катар проблемалар айгинеленди. Буга байланыштуу чукул кырдаалдардын кесепеттери оор болбошу үчүн алдын алуу ишин күчөтүү, адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана тобокелдиктерди болушунча азайтуу керек.

Пикир

Оставить комментарий