Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу «Сосновка» стационардык постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, чектөө Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайы кабылына келгенге чейин уланат.
«Учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Кызматкерлер тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттүү материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
КР Транспорт министрлиги айдоочуларды кар чынжырчаларын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда) жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачып жаткан атайын техникаларга жолтоо болбоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий