Бишкек, 05.08.20. /Кабар./ Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана түндүн биринчи жарымында катуу шамал болуусу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий