• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абактан чыккан Алмазбек Атамбаев: Чет өлкөдөн дарыланып келем

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 абактан чыкты.

Атамбаевди тарапташтары тосуп алышты. Кыргызстандын мурдагы президенти абактан чыгып, журналисттерге чет өлкөдөн дарыланып келерин билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди дарылануу зарылчылыгына байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат берди.

Жогорку соттун соттук коллегиясы адвокаттардын Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11,2 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий