• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама кеңейтилип, ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап аялдама комплекси расмий ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин аялдаманы реконструкциялоо жана ачуу иштери июль айынын орто ченинде өткөн, бирок транспорт күтүп жаткан жарандардын саны көп болгондуктан, аянт жетишсиз болгон. Ошондуктан, банктын жетекчилигинин демилгеси менен дагы бир пункт курулуп, ошону менен комплекстин аянты кеңейтилип, бирдиктүү курамды түздү.

Эскерте кетсек, бул ысык мезгилде кондиционер, кышында жылытуу системасы бар жабык аялдама комплексинде декоративдик коомдук транспорт каттамы, жарнак кутусу, маалымат LED экраны каралган, учурда видеобайкоо камерасы, Wi-Fi жана интерактивдүү сенсордук LCD мониторлору орнотулууда.

Долбоор “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыгып, “Бакай Банк” ААКнын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды, мындан тышкары “Бишкекасфальтсервис” ишканасы жол тыгындарын азайтуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аялдама комплексин жылдырып, тротуар, жол бордюрлары орнотуп, асфальт төшөдү.

Иш-чарага мэрдин орун басарлары Максатбек Сазыкулов, Нурдан Орунтаев жана «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары Марат Какеев катышты.

Пикир

Оставить комментарий