• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абдулазиз Закиров Россиянын муфтийлерин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Абдулазиз Закиров Россиянын үч облусунун муфтийлерин кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, достук зыяратынын алкагында Закиров Россиянын Азия бөлүгүнүн муфтийи Нафиулла Аширов, Омск облусунун муфтийи Бота Бакули жана Мордовиянын муфтийи Раиль хазрат Асаинов менен жолугушту.

Анда тараптар Кыргызстан мусулмандары менен Россия мусулмандарынын ортосундагы руханий жана маданий байланыштарды чыңдоо, ислам дининин баалуулуктары жана маданий диалогду бекемдөө, ошондой эле коомдогу тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо туурасында баарлашты.

Жолугушуунун соңунда коноктор жылуу кабыл алганы үчүн муфтийге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий