• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Абдыш-Ата" үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде 1XBET Премьер-лигасы-2024 турниринин алкагында "Абдыш-Ата" менен "Дордойдун" жолугушуусу орун алды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, бүгүнкү суперклассико беттеши 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.

Талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргызстандын чемпиону болушту. Ошентип, "Абдыш-Ата" катары менен үчүнчү ирет өлкө чемпиону аталды.

Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Илгиз Садыралиев жана "Абдыш-Ата" футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышты.

Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң доллар сыйлык сертификатын ыйгарды.

Пикир

Оставить комментарий