• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абитуриенттердин эсине! Кыргыз-Түрк “Анадолу” кыздар лицейи арыздарды кабыл алууда

Билим 0


Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Кыргыз-Түрк “Анадолу” кыздар кесиптик лицейинде абитуриенттерди тандоо сынагына тапшыруу башталды. Арыздарды кабыл алуу 26-майга чейин уланат. Лицей бардык 8-класстын окуучу кыздарын бекер жана сапаттуу билим берген лицейдин тандоо сынагына чакырат.

Катталуу: Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 171

Телефон: 0312 31 86 63

Эл. дареги: taplink.cc/anadolu

Веб-сайт: www.ktal.meb.k12.tr

Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн Макулдашуу жана протоколдорго ылайык ачылган Кыргыз-Түрк “Анадолу” кыздар кесиптик лицейи 1992-1993-окуу жылында окуучу кыздарга кесиптик билим берүү максатында ишмердүүлүгүн баштаган. Анадолу лицейинде кесиптик билим катар сапаттуу академиялык билим да берилет.

Окуу мөөнөтү жалпысынан 4 жыл, анын ичинде даярдоо + 3 жыл билим берилет. Лицейде Кийим тигүү технологиялары жана Маалымат технологиялары багыттары боюнча кесиптик билим берилет. Даярдоо классында түрк жана англис тилдери окутулат; даярдоо классын аяктаган студенттер орточо баллына жана каалоосуна жараша “Кийим тигүү технологиялары” бөлүмүнө же “Маалыматтык технологиялар” бөлүмүнө жайгаштырылат. Лицейде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт, ал эми англис жана орус тилдери сабак катары окутулат. Бишкектин сыртынан келген окуучулар үчүн 96 орундуу жатакана бар. Мамлекеттик лицей болгондуктан, акысыз окуудан тышкары жатаканада жашаган окуучуларга 3 маал, ал эми калган окуучуларга 1 маал акысыз тамак берилет.

Лицейде ар бир окуу жылында 8-классты аяктаган 50 кыргызстандык окуучу кыздар сынактын негизинде эки класска кабыл алынат. Лицей артыкчылыкка ээ билим берүү мекемеси болгондугуна байланыштуу жылына орточо эсеп менен 600дөн 800гө чейин талапкер лицейге тапшыруу үчүн сынакка катышат. Лицей ачылгандан бери 945 бүтүрүүчүнү уясынан учурду. Бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын жана Түркиянын орто билими тууралуу аттестаттарын алышат. Ошондой эле, алар үчүн Түркияда стипендия менен университетте билим алууга мүмкүнчүлүк бар.

Пикир

Оставить комментарий