• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Абсаттар Сырбагаев жумушчу сапары менен Чүй облусундагы бир катар объектилерге барды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жумушчу сапары менен Чүй облусундагы бир катар объектилерге барды.

Ведомстводон билдиришкендей, министрдин милдетин аткаруучу Сосновка өткөрүү пунктуна барып, автоунаалардын өтүшүн жеринен көрүп кызматкерлер менен жолукту. Мындан тышкары, салмак көзөмөл пунктундагы иштин жүрүшүнөн кабар алып, жумуштарды так жана кылдат аткарууну талап кылды. Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев Ош – Бишкек унаа жолунун Бишкек – Кара-Балта тилкесиндеги иштерди көрүп чыгып, бул аймактагы башка объектилерди дагы кыдырды.

Мындан сырткары, жетекчилер Чалдовар айылындагы Тараза көзөмөл пунктуна да барышты. Анда Чалдовар чек ара постуна кеткен жолду асфальттоону август айында бүтүрүү талабы коюлду. Министрдин милдетин аткаруучу жалпы пайдалануудагы Алматы – Бишкек – Ташкент автожолу менен таанышып, Бишкек – Токмок түндүк айланма автожолун кеңейтүү долбоорун өз убагында даярдоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары, Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка – ГЭС-5 автожолунун долбоорун дагы тез арада даярдоону айтты. ГЭС-5 автожолунун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий