Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев КМШга мүчө мамлекеттердин координациялык транспорттук кеңешменин жыйынына катышты
Министрликтен билдиришкендей, жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын транспорт министрлери катышып, отурум Россиянын транспорт министри Роман Старовойттун төрагалыгы астында өттү.
КМШга мүчө мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешменин 44-жыйынында тараптар транспорттук-логистикалык потенциалды жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болду.
Белгилей кетсек, 19-21-ноябрь күндөрү Москва шаарында "Транспорт жумалыгы" иш-чарасы өтүүдө.
Пикир
Оставить комментарий