• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Абсаттар Сыргабаев Пекинде Транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор. Ал эми 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде "Бедел" өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү транспорттук коридор", - деди Сыргабаев.

Министр ошондой эле транспорттун экологиялык түрлөрүн ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.

"Бул автомобиль жана темир жол транспортуна да тиешелүү", - деди ал.

Министр сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан транспорт - логистика тармагында кызматташууну өнүктүрө турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий