• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Абсаттар Сыргабаев Сузак районунда сугат иштерине даярдыкты текшерди

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы сугат мезгилине даярдык иштерин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы Кызыл-Туу, Таш-Булак, Барпы жана Атабеков айыл аймактарына барып, жазгы талаа жумуштарына карата сугат иштери башталганга чейинки арык-каналдарды тазалоо жумуштары менен жеринен таанышты.

Облус башчысы райондук суу чарба башкармалыгы, айыл өкмөт жана Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан аткарылган иш аракеттерди көрүп, айрым кемчиликтерди белгиледи.

Өкүл жергиликтүү жетекчилерге аймактагы жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учураптоо үчүн, тийиштүү камылгаларды азыртадан жеткиликтүү көрүүнү эскертти.

Сузак райондук суу чарба башкармасы тарабынан бул жылы 43,8 чакырым аралыктагы арык-каналдарды механикалык жол менен тазалоо каралса, бүгүнкү күнгө карата анын 37,6 чакырым аралыгы тазаланып, жумуш 86 пайызга аткарылган. Ал эми, айыл аймак жана Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан 788 чакырым ички каналдарды тазалоо жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий