Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Түркиянын “Eceglobal group” курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар Жалал-Абад облусунда чогуу иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Абсаттар Сыргабаев аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, ишке ашыруудагы бир катар долбоорлорду сунуштады.
Пикир
Оставить комментарий