• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Абсаттар Сыргабаев транспорт министринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин башка жарлыгы менен КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сыргабаев Абсаттар Токтогулович транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий