• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абылгазиев: Аймактарда банктык сервистердин ар бир айылга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-июлда, өлкө Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоосунун алкагында мамлекеттик катыштык үлүшү бар коммерциялык банктардын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Учурда алкагында аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынышы керек болгон 2018-2022-жылдарга карата аймактык өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Мамлекеттик банктар өздөрүнүн негизги, анын ичинде киреше табуу иштерин аткаруу менен социалдык жоопкерчилик тууралуу эстен чыгарбоолору зарыл. Кеп биринчи кезекте алыскы жана бийик тоолуу айылдардын жашоочуларына насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү тууралуу болуп жатат. Аны менен бирге жер-жерлерде өз ишкерликтерин өнүктүрүү үчүн арзан жана “узун” акчаларга суроо-талап курч. Ошондуктан банктар тарабынан жүргүзүлгөн насыя саясаты аймактарга дагы багытталышына жетишүү кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, банк тутумунун натыйжалуу иштөөсү улуттук экономиканы жалпы өнүктүрүүнүн катализатору болуп саналат. Бүгүнкү күнү аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске алуу менен, аймактарды адистештирүүнү бекитүүгө багытталган долбоорлорду кеңейтүү жана ар кыл жардам көрсөтүү, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчтөндүрүү, аймактарда жумуш орундарын көбөйтүү зарыл.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн башкы милдеттеринин бири - айыл жерлеринин жашоочулары үчүн жеткиликтүү насыялардын көлөмүн көбөйтүү болуп саналарына өзгөчө басым койду.

«Бүгүнкү күндүн чындыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну талап кылат. Карапайым жарандар Өкмөт өлкө үчүн ак ниет жана ачык-айкын иштеп жатканына ишенүүлөрү керек. Мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктар мамлекеттик кызматтарды жайылтуунун кыймылдаткычтары болуп саналышат. Ошондуктан чоң шаарларда кеңири жайылган төлөм терминалдары түрүндөгү салттуу банктык сервистер менен катар мобилдик банкинг сыяктуу банктык куралдарды киргизүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу зарыл. Айылдарда прогрессивдүү банктык сервистерди киргизүү үчүн кеңири масштабдуу түшүндүрүү кампаниясы болушу шарт», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Кеңешменин жүрүшүндө «РСК Банк» ААКсы жана «Айыл Банк» тарабынан алыскы айылдарда көрсөтүлүп жаткан банктык кызматтар боюнча жана келечек пландар тууралуу бет ачар сунушталды.

Бет ачардан соң Премьер-министр коммерциялык банктарга колдонулган финансылык куралдардын тизмесин өркүндөтүү жана кеңейтүүнүн үстүндө туруктуу иштөө зарылдыгын кошумчалады.

«Аймактарда банктык кызматтардын спектрин кеңейтүү Интернет түйүндөрүн колдонуучулардын санынын өсүшү менен тыгыз байланыштуу, бул багытта пландуу иштер жүргүзүлүүдө. Банктык кызматтарга байланыштуу маселелерди чечүүдө республикада эң кеңири жайылган филиалдык түйүндөрү бар «Кыргыз почтасы» МИ зор жардам көрсөтөт», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, аймактарды экономикалык өнүктүрүүдө чакан жана орто бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү болуп саналат. Бул үчүн атайын курстун алкагында атамекендик дыйкандарды ишкерликтин жана маркетингдин негиздерине үйрөтүү абзел.

Жыйынтыгында коммерциялык банктардын жана РКӨФ жетекчилери мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катышууга жана аймактарда ишкерликти колдоого даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий