Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өкмөт башчы кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяга байланыштуу айылдагы учурдагы абал менен таанышкан.
Айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо мамлекет үчүн өзгөчө көзөмөлдөгү артыкчылыктуу маселе болуп саналарын белгилеген.
«Силер күн сайын чек ара көйгөйлөрүнө, кээде татаал жаңжалдарга туш болуп, оңой эмес шарттарда жашайсыңар. Мен силерге кайраттуулугуңар, чыдамкайлыгыңар, руханий күч-кубатыңар, мекенчилдигиңер үчүн ыраазычылык билдирем. Мамлекет үчүн чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу жана өтө маанилүү милдет болуп саналат. Бирок, тилекке каршы, бул бир жактуу процесс эмес. Өкмөт бардык талаштуу тилкелерди тезинен макулдашуу жана чек ара маселелерин чечүүдө болушунча оңдуу жылыштарга жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди күчөтөт. Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз. Бул сыяктуу маселелер терең ойлонулган чараларды, таразаланган мамиле жана убакытты талап кыларын биз мойнубузга алууга тийишпиз. Алар конструктивдүү нукта, өз ара ишеним шарттарында жана эки жактуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилүүгө тийиш», – деди министрлер кабинетинин башчысы.
Мухаммедкалый Абылгазиев «Максат» чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти.
Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
«Тилекке каршы, тынч заманда биздин аскерибиз каза таап, башкалары жаракат алышты. Бардык жабырлануучуларга зарыл көмөк көрсөтүлөт. Мен силердин өлкө үчүн өтөгөн кызматыңарга, мекенчилдигиңерге жана кайраттуулугуңарга ыраазымын », – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномет менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфраструктурасын көрүп чыкты.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда премьер-министр чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды кабыл алуунун, ошондой эле чек ара аймактарынан күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.
Премьер-министр Максат айылынан эвакуацияланып, Эски-Оочу айылындагы А. Момунов атындагы мектепке жайгаштырылган жашоочуларга барып жолугуп, алардын өз үйлөрүнө кайтышы боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана мекендештерге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, түзүлгөн кырдаал тезирээк чечилсе деген үмүттөрүн билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий