• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев Бишкектеги спорттук-ок атуу комплексинин жана сейил бактын ачылыш салтанатына катышты

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы спорттук-атуу комплексинин жана сейил бактын ачылыш салтанатына катышты.

Комплекс эл аралык олимпиаданын бардык стандарттарына дал келет. Ок атуу тири SIUS буталары менен жабдылган, ал Эл аралык спорттук ок атуу федерациясынын (ISSF) лицензиясын алган.

Машыгуулардын, мелдештердин бардык эрежелери Эл аралык спорттук ок атуу федерациясы жана Практикалык ок атуу боюнча эл аралык конфедерациясы тарабынан сакталат жана координацияланат.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул сыяктуу заманбап талаптарга жооп берген спорттук объекттердин ачылышы атамекендик спортту өнүктүрмөкчү.

Премьер-министрдин айтымында, мындай спорт аянтчаларында болочоктогу спорт чеберлери жана олимпиада чемпиондору тарбияланууга тийиш.

Ал Кыргыз Республикасынын ок атуу спортунун өткөн мезгилдеги атак-даңкын эске салды. Биринчи кезекте бул олимпиада чемпиону Александр Мелентьев менен байланыштуу. Өкмөт башчы Ок атуу федерациясынын комплексти ачуу аракеттерин колдогон меценаттарга ыраазычылык билдирди.

Андан соң премьер-министр борбор калаанын түштүгүндө жайгашкан жаңы сейил бактын ачылышына катышып, анын аймагын көрүп чакты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт шаарды жашылдандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Бул үчүн жаңы сейил бактарды куруу жана коомдук жайларды жакшыртуу боюнча иш-чаралар топтомун ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий