• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Абылгазиев Ч. Айтматовдун кабырына гүл койду

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-июлда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюу аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Куран окутулду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Гүл коюу аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери, жазуучунун үй-бүлөсү жана туугандары катышты.

Белгилей кетсек, 2008-жылдын дал ушул күнү кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Ч.Т. Айтматов дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий