Абылгазиев Дмитрий Медведевди Россиянын күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди Россиянын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй айтылат:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сизди мамлекеттик майрам – Россиянын күнү менен куттуктоого уруксат этиңиз.

Кыргызстан менен Россияны кыргыз-россия кызматташуусун мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана стратегиялык өнөктөштүк менен союздук мамилелерди чыңдоо үчүн бекем пайдубал болгон жалпы тарых жана тыгыз алакалар байланыштырып турат.

Душанбе шаарындагы КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы биздин жолугушуубузду жылуу эстеп, бардык жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу өз ара пайдалуу кыргыз-россия кызматташуусун өнүктүрүүгө кошумча дем берет деп терең ишеним артам».

Пикир

Оставить комментарий