• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Абылгазиев: Экономикалык реформалар учурунда Өкмөттүн ишине сапаттуу эксперттик колдоо көрсөтүү маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Экономикалык реформалар учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине сапаттуу эксперттик колдоо көрсөтүү өзгөчө маанилүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Институттун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыга коюлган максаттарына багытталган жана комплекстүү иштерин түзүүгө көмөк көрсөтүүсү керек. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту натыйжалуу аналитикалык борбор болушу абзел. Изилдөөлөрдү жана сунуштарды мамлекеттик органдардын ишине активдүү колдонуу үчүн институттун ролун кайра карап чыгуу зарыл. Институт Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө натыйжалуу аналитикалык колдоо көрсөтүүсү керек жана жүргүзүлгөн реформалардын сапатын камсыз кылууга жардам берүүсү зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эмилбек Каптагаев быйыл институтка учурдагы ишинен тышкары өлкө үчүн маанилүү болгон иш-чараларды – Шанхай кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңеши, Борбор азиялык саммит сындуу ири уюмдардын алкагында аналитикалык форум өткөрүү иши жүктөлгөнүн белгиледи.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүнкү абалды эске алуу менен институттун ролун өзгөртүү жана аны өркүндөтүү зарыл.

«Институт бийлик органдарын тиешелүү маалымат жана аналитика менен камсыздоого тийиш. Биз өз убактысында жана объективдүү маалыматтарды, ар түрдүү аналитикалык материалдарды алууга кызыкдарбыз. Ишти институттун материалдары бизге жакшы жардам боло тургандай кылып уюштуруу кажет. Өкмөттүн ишине сапаттуу эксперттик колдоо көрсөтүү, айрыкча экономикада маанилүү реформаларды иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде өзгөчө маанилүү», - деп баса көрсөттү премьер-министр.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле институттун планын беките турган УСИИ Координациялык кеңешин түзүү боюнча конкреттүү планды иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий