• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абылгазиев: Эми, өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экени белгилүү

Коом 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында кечээ угула баштаган өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуу улантылууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Жыйын учурунда депутат Өмүрбек Бакиров премьер-министрдин дыйындалганына бир жыл болгонун эске салып, анын өкмөттүн азыркы курамынын ишине канааттанар-канааттанбасына кызыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине өзүнүн пикири бар.

"Эми, мага өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экени белгилүү. Алардын деӊгээли биркылка эмес, арасында жакшылары бар, ортозаарлары бар, начарлары бар. Алардын аты-жөнүн атоо этикалык жактан туура эмес болуп калат", - деген жообун берди Абылгазиев.

Депутат өкмөт башынын жакшы иштеп жатканын белгилөө менен бирге, азыркы өкмөт курамында өкмөттүн ишин артка тарткан, премьер-министрдин атына көлөкө түшүрүп, уят кылган 3-4 министр бар экенин айтып, аны ошондой аткаминерлерден азыртан эле кутулууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий