• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Абылгазиев ЕРӨБ президенти Сума Чакрабартини кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабартини кабыл алды.

Өкмөт башчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен саламдашып, финансы институтунун өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун ишке берилиши кубандырат. Биздин өлкөгө көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдиребиз. Биз бизнес-омбудсмен институтун түзүүдө көмөк көрсөтүү жана колдоо үчүн ыраазыбыз жана бул институт ишкерлерди коргоо механизмдерин күчтөндүрүп, республиканын бизнес-климатын жакшыртат деп ишенебиз. Ошондой эле Өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин ишмердигин колдоосу үчүн банкка ыраазычылык айткым келет», - деди премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасы ЕРӨБнын Кыргыз Республикасы үчүн стратегиясынын алкагында кызматташат. Мында негизги стратегиялык багыттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы менен тыгыз байланыштуу.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти тараптар ортосундагы кызматташуунун деңгээлине канааттануу билдирип, эки жактуу өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн максаттуулугун белгиледи.

«Учурда финансы институту 2019-2024-жылдарга кызматташуунун стратегиясын иштеп жатат. Аталган стратегиянын алкагында ирригация, суу менен камсыздоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана башка тармактарда активдүү кызматташууну өнүктүрүү пландалууда. Биздин өнөктөштүк инвестициялардын көлөмүнүн жана республикада ишке ашырылып жаткан долбоорлордун санынын көбөйүшүн шарттайт», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий