Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоору жарандардын жолдо жүрүү маданиятын калыптандырууну шарттады

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоору жарандардын жолдо жүрүү маданиятын калыптандырууну шарттады. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйында билдирди.

КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чарада «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.

«Акыркы эки жылда республикада мамлекеттик кызматтарды жана процесстерди санариптештирүү саясаты жүрүүдө, санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылып жатканын билдирди. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте, коомдо, социалдык чөйрөдө жаңыланууларга жөндөмдүү жана аны кабыл алууга даяр жаңы чөйрөнү түзүү керек. Эки жылдан бери республикада санариптештирүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Өкмөттүн алдына чоң милдеттер коюлган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр санариптештирүү чөйрөсүнүн коопсуздук жаатында жакшы натыйжаларга жетишилгенин белгиледи.

«2019-2023-жылдарга карата киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алынды. Сот, прокуратура, укук коргоо органдары санариптештирүү процессине өткөрүлүп, КЖБР, ББР системалары иштеп жатат. Мониторинг борбору, «Бирдиктүү терезе» системасы, командалык борбор түзүлдү. Мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрүү жайларына видео байкоо системалары орнотулуп жатканын да кошумчалады. Былтыр биздин жетишкен ийгилигибиз - бул «Коопсуз шаар» долбоору болду. Биз биринчи баскычын жүзөгө ашырдык. «Коопсуз шаар» долбоорунун башкы максаты – бул коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда авариялардын, анын кесепетинен жаракат алгандардын саны эки эсе азайды. Видео камералар аркылуу коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга шарт түзүлдү. Ошондой эле айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү маданиятын калыптандырды», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.

"Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири - бул ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо. Ошондуктан жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек. Мен 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коем", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Кыргыз Республикасын санариптештирүү боюнча иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы жөнүндө айтып берди.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу жана аны сапаттуу аткарууну камсыз кылуу боюнча бардык иш-чараларды тездетүү тапшырмасын берди. ИИМге Ош шаарында мониторинг борборун ачуу, бул калаада патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча жумуштарды тездетүү, унаалардын жасалма номурларын даярдоо жана колдонуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу, Ош шаарында жана облустардын борборлорунда Санариптик командалык борборлорду ачуу боюнча маселелерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий