Абылгазиев: Коронавирусту тартип менен жеңебиз

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Коронавирусту тартип менен жеңебиз, - деп баса белгиледи Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус боюнча өкмөттө өткөн жыйында.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндөн тартып өкмөт дем алышсыз иштейт.

"Эс алуу дегенди токтотуп, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, орун басарлары, акимдер, облус жетекчилери дем алышсыз иштейбиз. Күнү-түнү дебей элдин суроолоруна жооп берүүгө даяр болобуз", - деп билдирди өкмөт башчы.

Абылгазиев бүгүн, 16-марттан тартып ЖОЖ жана мектептерде мөөнөтүнөн мурда окуу процесси токтотулгандыгын эске салды.

"Себеп - мектеп, жогорку окуу жайларда массалык иш-чараларды өткөрүүдөн алыс болуу. Анткени, коронавирус илдети эл чогулган жерде бат тарай тургандыгын көрүп жатабыз. Каникулга тарадык деп балдарды дүкөндөргө, оюн-зоор аянтчаларына, ресторандарга алып барбай, эл көп чогулган жерлерден алыc кармоого чакырабыз", - деп айткан өкмөт башчысы, илдетти тартип менен жеңебиз деп баса белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги айткан эрежелерди сакташыбыз керек. Жалпы кабыл алынган эрежелер менен бул илдетке каршы тура алабыз деген ойдомун", - деди ал.

Премьер-министр Кытай коронавирус менен күрөшүүдө дүйнө элине, анын ичинде Кыргызстанга дагы жардам бере тургандыгы билдирди.

Пикир

Оставить комментарий