• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абылгазиев: КР Борбор Азияда «Ачык Өкмөткө» алгач кошулган бирден-бир мамлекет болуп калды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Бишкек шаарында өткөн «Түндүк» Тутуму»: жетишкендиктер жана келечек» жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупциясыз, натыйжалуу, ачык-айкын отчеттуу мамлекеттик башкарууга негизделген маалыматтык коомду калыптандыруга жана өнүктүрүүгө умтулат.

«Бул санариптик технологияларды жана тейлөөлөрдү керектөөчүлөр катары өлкө жарандарынын активдүү катышусунда гана мүмкүн. Биз мамлекеттик башкаруу тутуму заманбап технологияларды пайдалануу негизинде коомчулук менен активдүү өз ара аракеттешүү зарылдыгынан алып карадык. Электрондук Өкмөт компоненттерин баскычтуу ишке киргизүү мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатуга, тейлөө сапатын жакшыртууга, отчеттуулукту күчтөндүрүүгө жана адамдык капиталды өстүрүүгө алып келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, чет элдик өнөктөштөр билдиргендей, республикада өз адистиги боюнча чет элдик программисттерден калышпаган маалыматтык технологиялар жаатындагы алдыңкы адистер бар.

«Кыргыз Республикасы Борбор Азияда «Ачык Өкмөткө» алгач кошулган бирден-бир мамлекет болуп калды. Бул биздин мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүү үчүн айкындыкты камсыздоо, жарандардын укутарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана алдыңкы жаңы технологияларды пайдалануу жолуна түшкөндүгүбүздөн кабар берет», - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, электрондук башкаруу – бул маалыматка карай кеңири жеткиликтүүлүк, ачык маалыматтар саясатын жана ачык сатып алуулар процедурасын ишке ашыруу, ошондой эле сапаттуу жана ыкчам мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү.
«Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар бир мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү маалыматтык тейлөөнүн саны жана сапаты, алардын жеткиликтүүлүгү жана калктын ар кыл топторунун пайдалануу деңгээли сыяктуу маанилүү факторлордон көзкаранды. Дүйнөлүк тажрыйбада электрондук башкарууну иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча белгилүү тажрыйба топтолгон. Биз эл аралык өнөктөштөрүбүзгө электондук башкаруу элементтерин киргизүү боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда өлкөдө санариптик форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү үчүн «Түндүк»« ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутуму – жарандарга электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү платформасы, электрондук төлөмдөр тутуму киргизилген.

«Иш жүзүндө электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасы түзүлөт. Учурда электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, салык төлөөчүнүн виртуалдык кампасын киргизүү аркылуу электрондук фискалдаштырууну киргизүү боюнча активдүү кадамдар кабыл алынууда. Келечекте бул атамекендик ишкерлердин жана алардын бизнес-өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгүн кыйла жеңилдетет. Жарандар бир мамлекеттик органдан экинчисине кыдырып жүрбөшү керек. Биз жарандардын жашоосун жакшыртууга, мамлекеттик тейлөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуудабыз. Электрондук башкаруунун пайдубалы жана башкы инструменти катары «Түндүк» тутуму саналат. «Түндүк» тутуму – бул жөн гана маалыматтык тутумдардын техникалык кошулуусу эмес, бул башкаруу чечимдер процессинин өзгөрүүсү, аларды санариптик технологияларга которуу болуп саналат. «Түндүк» тутумун киргизүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү процедурасын жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берип, анын натыйжалуулугун жогорулатат жана мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына бирдиктүү жеткиликтүү түйүндү түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Түндүк» тутумун киргизүү боюнча Өкмөт ишинин негизги жыйынтыктарына токтолууда, Премьер-министр аталган тутум толугу менен ишке киргизилгендигин билдирди.

«Мамлекеттик органдар, бизнес-структура жана банк тармагы өз маалыматтык тутумдарын «Түндүк» тутуму менен интеграциялап, ошондой эле «Түндүк» тутумунун негизинде иш алып барган мамлекеттик тейлөөлөр порталы ишке киргизилүүдө. 2018-жылдын август айында өткөн Өкмөт жыйынында биз иш планды, бүгүнкү күндө эң зарыл маалыматтык тутумдар саналган быйылкы жылы ишке киргизиле турган мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базасын талкуулаганбыз. Бул иш улантылышы керек, жакынкы арада биз кезектеги маалыматтык тутумдарды киргизүү боюнча алдыдагы пландарды кабыл алабыз. Мамлекеттик органдарды башкаруунун бардык элементтери автоматташтырылышы керек. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилерине «Түндүк» тутумун артыкчылыктуу түрдө ишке киргизүү боюнча катуу тапшырма берилген. Мында министрлик жана ведомство жетекчилери аталган тутумду киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик алат.
Өкмөт электрондук башкарууну киргизүү үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын белгилеп кетким келет. Бизде ал үчүн мүмкүндүктөр жана саясий эрк бар», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйында мамлекеттик органдардагы процессти автоматташтыруу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди, ошондой эле «Түндүк» тутуму аркылуу мамлекеттик органдар жана коммерциялык банк ортосундагы маалыматтарды алмашуу аркылуу кредиттерди берүү процесси көрсөтүлдү.

Өкмөт башчы бул маанилүү жана инновациялык долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын гана эмес, коомчулук жана бизнес өкүлдөрүнүн жалпы иши экендигин белгилөө менен катар иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Премьер-министр ошондой эле жарандарга тейлөө көрсөтүүнүн жаңы стандарттары жана киргизилип жаткан жаңылыктар тууралуу сапаттуу маалымдоонун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий