• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абылгазиев Матраимовдун мүлкүн текшерүү процессин тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, ведомствонун ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы мезгилдерге артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Бакир Таиров өлкөнүн мамлекеттик органдарында көрүлүп жаткан экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Ошондой эле Өкмөт башчыга экономика жана финансы тармактарында кызматтык кылмыштардын алдын алуу, жоюу жана бетин ачуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана тамырын кыркуу боюнча коюлган милдеттерге жетишүү үчүн ЭКККМК, анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Өкмөт башчы экономикалык жана кызматтык укук бузуулар деңгээлин төмөндөтүү иштерин күчөтүүнү, экономикалык кылмыштарга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий