Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Премьер-министр россиялык кесиптешин туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.
Телефондук сүйлөшүү учурунда Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Пикир
Оставить комментарий