• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү футбол талаасында беттешти

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 14-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан жана Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган командалар ортосунда кичи футбол мелдеши болуп өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү жана Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты.

Эң алгач оюнчулар командаларга бөлүнүп, Жогорку Кеңештен эки команда жана министрлер кабинетинен эки команда чыкты. Оюндун жүрүшүндө командалар ортосунда катуу таймаш жүрүп, эл өкүлдөрү да, Өкмөт мүчөлөрү да оюнга мыкты даярдангандыгын көрсөтө алышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков спорт оюндарынын, анын ичинен футболдун маанилүүлүгүнө токтолуп, командалык тартипте ойнолгон бул оюн биримдикке, намыскөйлүккө жана көрөгөчтүккө тарбиялай тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле Төрага ар бир оюнчуга ийгилик каалап, эки бийлик бутагынын командалары ортосунда кызуу таймаш болгонун канаттануу менен белгиледи.

Парламенттин демилеси боюнча уюштурулган турнирдин катышуучулары менен жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Футбол боюнча улуттук федерациянын республикада футболду жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча күч-аракетин, ошондой эле акыркы мезгилде дүйнөлүк жана азиялык рейтингде бир топ ийгиликтерди багындырган улуттук курама команданын жетишкендиктерин белгиледи.

«Биз сиздердин жасаган ишиңиздердин жыйынтыгын көрүп жатабыз – өлкө боюнча, шаарларда жана айылдарда футбол аянтчалары пайда болуп, футболго карата балдардын жана жаштардын кызыгуусу жогорулоодо. Бул сыяктуу иш-чаралар жана турнирлер өлкөдө сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга жана массалык спортту өнүктүрүүгө чоң салымын кошууда. Бүгүнкү турнир анын катышуучулары ортосундагы достукту чыңдоого, өлкөнүн жана анын жарандарынын бакубаттуулугу үчүн бийликтин ар кыл бутактарынын биргелешип иш алып баруусун жакшыртууга багытталган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Жогорку Кеңеш менен Кыргыз Республикасынын командаларынын ортосундагы мелдешке катышты жана турнирдин соңунда анын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына кубокторду жана медалдарды тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, ошондой эле парламенттин депутаттары футбол Федерациясынын жетекчилиги менен футбол инфраструктурасын өнүктүрүү жана спорттук объектилерди өнүктүрүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде стадиондун жана футбол машыктыруу базаларынын курулуш долбоорлору сунушталды.

Өкмөт башчы кызыкдар мамлекеттик органдарга сунушталган долбоорлорду тыкыр изилдеп чыгууну жана футбол Федерациясына өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашырууда жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Оюндун соңунда Өкмөт мүчөлөрүнөн турган биринчи команда 1-орунду багындырып атайын медаль жана кубок менен сыйланса, Жогорку Кеӊештин эки командасы 2-жана 3-орунду ээледи. Ал эми төртүнчү орунду министрлер кабинетинин экинчи командасы утту.

Пикир

Оставить комментарий