• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Абылгазиев Солтон-Сары боюнча: Бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш экендигин билдирди.

Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Абылгазиев билдиргендей, өз ишин баштаган ар бир инвестор Өкмөттүн ишинде улануучулукка жана туруктуу кызматташууга багыт алат.

"Бул маанилүү. Мамлекет ар дайым жергиликтүү калктын, ошондой эле инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышы керек. Жакында эле бул үчүн биринчи вице-премьер-министр К.Боронов биздин жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушкан. Анда бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компанияга карата 83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттенген. Аларды аткарууга мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн. Бул талаптар сапаттуу жана толук көлөмдө аткарылышына Өкмөт дагы, жергиликтүү тургундар дагы жана инвесторлор дагы кызыкдар, себеби бул натыйжалуу кызматташууга кепилдик берет. Диалогду чиелештирген бул өңдүү келишпестик кырдаалдардын ордуна жергиликтүү бийлик органдары, жарандык топтор ушул милдеттердин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени көптөгөн суроолордун ичинде компания кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна жардам көрсөтүүгө, жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүгө милдеттенген. Мындай жагдай кырдаалды курчутуп, бул иштерди аткарууга тоскоол болушуна жол бербөө керек. Бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш", – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керектигин баса белгиледи.

Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо жана жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий