• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев: "Центеррадан" келип түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу эң маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимди ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Мында Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун жана Жаратылышты өнүктүрүү коомдук фондунун акча каражаттарын пайдалануу механизми жана тартиби каралды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, Өкмөт Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кирүүсүнүн өлкө үчүн пайдалуу шарттарына жетишти. Эми келип түшүүчү акча каражаттарын пайдалануу механизмдерин жаратылышты коргоо жана атамекендик экономиканы өнүктүрүү кызыкчылыгында сапаттуу иштеп чыгуу керек.

Өкмөт башчы белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун маанилүү милдеттеринин бири аймактардагы экспортко, инновациялык технологияларга, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, жер-жерлерде инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жаңы ишканаларды түзүү жана учурдагыларын колдоо болуп саналат.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаты экологияны жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат.

«Эки коомдук фондко бөлүнгөн акча каражаттары бекитилген максаттуу багыттар боюнча гана колдонулуш керек. Бул процесстерди Өкмөт жана коомчулук тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөйт. Жаратылышты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардыгы ачык жана айкын өтүшү керек. Бул масштабдуу жумуштардын жыйынтыгы жарандардын күмөн саноосуна алып келбеш керек. Ошондуктан биз бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылып жана конструктивдүү ишке даяр болушубуз зарыл», - деди Министрлер кабинетинин жетекчиси.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Фонддордун ишинин негизги механизмдеринин кем жактарын иштеп чыгуу жана кыска убакыттын аралыгында алардын ишмердүүлүгүнүн оптималдуу моделин көрсөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий