• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абылгазиев Жеңиштин 74 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын жана 2020-жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга буга чейин бекитилген тиешелүү Планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдалды.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары майрамдык, биринчи кезекте Бишкек шаарында өтө турган маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү чаралары талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында келерки 2020-жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүү пландары талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пландаштырылган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыздоо үчүн зарыл чаралар топтомун жүзөгө ашырууну тапшырды.

Өкмөт башчы совет элинин баатырдыгын жана каармандыгын эске салып, согуштун ардагерлерин жана тылдын эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий