• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Абылгазиевдин 100 күнү. Эмне жумуштар аткарылды жана келечекке болгон пландар

Аналитика 0

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчы болуп дайындалгандыгына жакында 100 күн болот. Бул аралыкта калк арасында саясат боюнча тиешелүү бир ой калыптанды. Абылгазиев тарабынан аткарылган иштер боюнча премьер-министрдин ишмердүүлүгүнө баа берүүгө болот. Биз сиздердин назарыңыздарга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишиндеги маанилүү жагдайларды эске салабыз.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинде өкмөт башчы болуп дайындалган. Ошол эле күнү анын “Ишеним, биримдик, жаратмандык” программасы сунушталган. Өз сөзүндө Абылгазиев билдиргендей, республика көз карандысыздык жолуна түшкөндөн кийин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тоскоол болгон көптөгөн саясий өзгөрүүлөрдү баштан өткөрдү. Ал ошондой эле бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген сыяктуу жакшы учурлар да бар экендигин эске салды. Абылгазиевдин ою боюнча, Кыргызстанга туруктуу өнүгүү үчүн калктын биримдигин сактап, бардык бийлик бутактары тыгыз кызматташтыкта иштөө керек.

“Эгерде өлкөдө биримдик болсо, анда өнүгүү да болот. Кыргызстандын эли Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайлоо менен чоң ишеним жана үмүт артышты. Ал өз ишин мамлекет башчысы катары баштап, ага эл тарабынан көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо”, - деп билдирди Абылгазиев.

Премьер-министрдин программасы кенен жана көптөгөн багыттарды камтыйт. Мисалга региондорду өнүктүрүү, бизнес, туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан брендин жайылтуу жана башка. Андан тышкары Абылгазиев өзү билдиргендей, программа дагы да болсо кеңейип, өзүнө жаңы пункттарды киргизет. Бирок көңүл борборунда турган эң маанилүүсү - бул адам.

Май айында Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барды. Сапардын жүрүшүндө билдиргендей, аймактарды өнүктүрүү – өлкөдөгү экономикалык туруктуулуктун кепилдиги.

“Республиканын калкынын дээрлик 70 пайызы айыл жергесинде жашайт. Муну эске алуу менен бирге аймактарды өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек. Биз айыл жергесинде жашагандардын ыңгайлуу жана жагымдуу жашоосу үчүн бардык шарттары болушун каалайбыз”, - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кийинчерээк өкмөттүн жыйынында премьер-министр каржы жана административдик ресурстардын бардыгын региондордун өнүгүүсүнө жумшоо керектигин билдирген.

Андан тышкары, Абылгазиев региондорду өнүктүрүүдөгү маанилүү элементтердин бири “Бир айыл – бир продукт” долбоору экендигин баса белгиледи.

“Айыл-чарбанын комплекстүү өнүгүүсү аймактардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир берип, атамекендик туризмдин кийинки өнүгүшүнө негиз боло алат. Долбоордун маанилүүлүгүн эске алып, биз кийинки кызматташууга даярбыз”, - деп билдирди өкмөт башчы долбоорду талкуулоо учурунда.

Учурда долбоордун алкагында иштелип чыккан продукт көптөгөн өлкөлөргө экспорттолууда, анын ичинде Россия, Япония жана АКШ. Экспорттун кучагын кеңейтүү пландалууда.

Абылгазиев билим берүү тармагын да унутта калтырган жок. 15-майдагы кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын айтып, айрыкча мектептерди дүйнөлүк желеге кошуу маселеси көңүл чордонунда тургандыгын баса белгиледи.

“Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр, анткени, бул – келечекке болгон инвестиция. Биз чечишибиз керек болгон артыкчылыктуу маселелердин бири республиканын бардык мектептерин Интернет менен камсыздоо болуп саналат. Бул маселе көптөн бери көтөрүлүүдө жана биз жалпы компьютерлештирүү менен заманбап санариптик технологиялардын кылымында жашап жатканыбызды эске алуу менен ал күн тартибинен алынып салынышы керек”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Калктын социалдык көйгөйлөрү да каралбай калган жок. Май айынын аягында өкмөт башчы балдар онкологиясы жана гематологиясы борборунун курулуш иштери аяктай тургандыгын маалымдады.

“Балдар онкологиясы жана гематологиясы корпусунун курулушу өлкөнүн эли үчүн чоң мааниге ээ. Өкмөт бул көйгөйдү жакшы түшүнүп жана сезип турат. Коомчулукта жана айрым ЖМКда аталган объекттин курулуш иштери токтотулат деген маселе талкууланууда, - деп билдирди Абылгазиев. Бул туура эмес. Балдар онкологиясы жана гематологиясы корпусунун курулушу республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, мыйзамдын негизинде бүткөрүлөт".

Ошондой эле өкмөт башчы билдиргендей, ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6%га чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу зарыл.

“Биздин жарандарыбыз эмгек акысынын жарымын насыя үчүн берүүгө мажбур болушууда. Алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн карызга акча алып жатышат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш жактар киреше тууралуу гана ойлоп отурушат. Буга жол бербешибиз кажет. Биз бюджеттен акчаны коммерциялык банктардын кирешесин өстүрүү жана ипотекалык компаниянын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бөлгөн жокпуз", – деп баса белгиледи өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңешменин жыйынында билдиргендей, өлкөдө аялдарга жана балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кайгылуу окуялар көп болууда. Премьер-министрдин оюу боюнча, үй-бүлө зордук-зомбулугуна каршы күрөштө улуттук саясатты кайрадан карап чыгуу зарыл. Абылгазиев укук коргоо органдарынын ишиндеги жетишсиздикти айтты. Өкмөт башчынын айтымында, укук коргоо органдары кыздарды турмуш курууга мажбурлоо тажрыйбасын жок кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшашы керек.

Июндун агында өкмөт башсы коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Эми жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайын эсепте топтолуп, КР өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Мындай аракет өзүнүн биринчи жемишин берди. 11-июлда атайын ачылган эсепке биринчи каражат которулду. УКМК кызматкерлери тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы боюнча 11-июлда 95,9 миллион сом которулган.

Албетте, 100 күн өкмөт башчынын ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир баа берүү үчүн кичинекей эле убакыт. Бирок, Абылгазиев мамлекеттин өнүгүшүндө өзүнүн кесипкөйлүгүн жана кызыктарлыгын көрсөтө алды. Алдыда дагы өкмөт башчыны көптөгөн жумуштар күтүп турат, анын саясаты жана программасы Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып келет деген үмүттөбүз.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий