Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул мамлекеттик сый акысы жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн, 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы;
3) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы;
4) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү;
5) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи;
6) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы..

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 204 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий