• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Президенттик Администрацияда МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде 2022-жылдын ноябрында кабыл алынган 2022-2024-жылдарга карата адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын узартуу талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында Эдил Байсалов мамлекеттик органдарга адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий